Кыргызстанда учурда 115 фостердик үй-бүлөдө 244 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган министрлик өлкөдө фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүү иштерин улантууда.
“Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана балдарды мындай үй-бүлөлөрдө багуу үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланган”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, фостердик үй-бүлө — оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды мамлекет менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгилүү бир мөөнөткө тарбиялоо үчүн атайын даярдыктан өткөн үй-бүлө. Ал эми фостердик ата-эне болууга 30 жаштан 65 жашка чейинки, атайын окуудан өткөн жарандар талапкер боло алышат.
Министрликтин аймактык башкармалыктары фостердик үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү боюнча талаптардын сакталышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушат.



