Башкы беткеМинистрлер кабинетиПиротехниканы сатуу жана колдонуу боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Пиротехниканы сатуу жана колдонуу боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Кыргызстанда жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү боюнча жаңы эрежелер бекитилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы 10-августта кол койгон.

Жаңы талаптарга ылайык, пиротехникалык буюмдар адистештирилген дүкөндөрдө гана сатылышы керек.

Мындан тышкары, токтомдо ызы-чууга байланыштуу чектөөлөр да белгиленди. Иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин ызы-чуунун деңгээли белгиленген чектен ашпоого тийиш.

Жарандык пиротехниканы жүгүртүүнүн жаңы эрежелери коопсуздукту күчөтүүгө жана пиротехникалык буюмдардын сатылышын көзөмөлдөөгө багытталган. Буга чейин ӨКМ пиротехникалык каражаттарды сатуу жана колдонуудагы талаптарды жаңыртуу зарылдыгын белгилеп келген.

Ошондой эле Кыргызстанда абанын булганышын жана ызы-чууну азайтуу максатында майрамдарда салюттарды колдонбоого чакырыктар айтылып келген.

Быйыл май айында «Жарандардын ден соолугун ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга кол коюлуп, бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген. Аталган мыйзамдын айрым талаптары Жаңы жылды тосуу түнүндө жана мамлекеттик майрамдарда саат 22:00дөн 03:00гө чейин колдонулбай турганы белгиленген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар