Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө тартылган жер аянты 101 миң гектардан ашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы жер аянттарын 11 кооператив эл аралык органикалык өндүрүш стандарттарына ылайык продукция өндүрүп, кайра иштетүүдө. Кооперативдер пахта, дары чөптөр, өрүк, төө буурчак, грек жаңгагы, мисте жана башка айыл чарба продукцияларын өндүрүп, ички жана тышкы рынокторго чыгарышат. Бул багыттагы жер аянты 11 392 гектарды түзөт.
Мындан тышкары, 37 аймакта органикалык өндүрүш үчүн катышуучулук кепилдик системасын (PGS) киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул аймактарда негизинен жашылча-жемиштер өстүрүлүп, жергиликтүү рынокторго сатылууда. Жалпы аянты 85 257,04 гектар.
Ошондой эле облустарда органикалык өндүрүш боюнча пилоттук жеке чарбалар уюштурулуп, фермерлерге PGS жана эл аралык сертификация талаптары боюнча окутуу жүргүзүлүүдө. Бул чарбалардын жалпы жер аянты 4 709,17 гектарды түзөт.
Ведомство органикалык өндүрүштү кеңейтүү, өндүрүүчүлөрдүн билимин жогорулатуу жана кыргызстандык органикалык продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер улантыларын билдирди.



