Башкы беткеКоомАраванда 300 миң куб метр газоблок өндүргөн газоблок заводу курулууда

Араванда 300 миң куб метр газоблок өндүргөн газоблок заводу курулууда

Араван районунун Достук айыл аймагында 1 млрд сомдук газоблок чыгаруучу завод курулууда. Долбоордун ишке ашырылышы менен 70 туруктуу жумуш орду түзүлөт.

12-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев «Араван Газоблок» ЖЧКсынын заводунда болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоор 4,82 гектар аянтты камтыйт. Завод жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрүүгө ылайыкталат.

Ишкананын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — өндүрүшкө керектүү чийки заттын 90 пайызы Кыргызстандын түштүгүндөгү жергиликтүү кендерден алынат. Бул импортту азайтып, ата мекендик ресурстарды пайдаланууга шарт түзөт. Учурда заводдун курулушуна 100 адам тартылган. Ишкана толук кубаттуулукта 2026-жылдын аягында ишке берилери күтүлүүдө.

Облустук бийликтин маалыматына караганда, завод ишке киргенден кийин жыл сайын болжол менен 200 млн сом салыктык, социалдык жана башка милдеттүү төлөмдөр республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшөт.

Иш сапардын жүрүшүндө облус жетекчилиги Араван цемент заводунун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Өнөр жай объектилерин өнүктүрүү аймакта инвестиция тартууга, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар