Бүгүн, 12-августта Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) жаштарды, ишкерлерди жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн бириктирген Go Viral Festival 2026 фестивалы башталды.
Маалыматка ылайык, программанын алкагында бизнес, технология, инновация, медиа жана креативдүү экономика багыттары боюнча панелдик талкуулар, мастер-класстар жана интерактивдүү сессиялар өтүүдө. Innovation Expo көргөзмөсүндө инновациялык долбоорлор, технологиялык чечимдер жана стартаптар сунушталууда.
Фестивалга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген жаш лидерлер, ишкерлер, технологиялык компаниялардын, креативдүү индустриянын, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрү катышууда.
Иш-чара Борбордук Азиядагы IDEA тарабынан Маданият министрлиги менен өнөктөштүктө, Казакстандагы АКШнын Дипломатиялык миссиясынын каржылык колдоосу менен уюштурулду.



