Башкы беткеКоомБаткенде 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 375 орундуу заманбап мектептин курулушу башталды. Бүгүн, 13-августта, мектептин пайдубалына мезгил кутучасы салынды.

Иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Мамыржан Рахимов өз сөзүндө Баткен облусунун АРИС менен тыгыз кызматташып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи.

Салтанаттын жүрүшүндө мектептин курулушуна мезгил кутучасы салынып, аксакалдар бата беришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар