Башкы беткеКоомЧет өлкөгө жумушка орноштуруучу 9 агенттикке иш жүгүртүүгө уруксат берилди

Чет өлкөгө жумушка орноштуруучу 9 агенттикке иш жүгүртүүгө уруксат берилди

2026-жылдын 12-августунда Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйында чет өлкөдө жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшкөн жеке агенттиктердин ишмердүүлүгү каралып, 9 агенттикке карата тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда, төмөнкү компанияларга бир жылдык мөөнөткө уруксат берилди же узартылды:

  • «НаРзиЗ Тур» ЖЧКсы — Германия;
  • «Шарт Кей Джи» ЖЧКсы — Германия;
  • «Марсель-Е Компани» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Гринвей Груп» ЖЧКсы — Германия;
  • «АПГРЕЙД СТАФФ» ЖЧКсы — Россия;
  • «Ворлд трэвел энд ворк» ЖЧКсы — Беларусь.

«Албан Лидер» ЖЧКсынын Латвияга жарандарды ишке орноштуруу боюнча уруксаты шарт менен бир жылга узартылды.

Ал эми «СУЛТАН ТРАВЕЛ» ЖЧКсына байланыштуу маселе компаниянын өкүлү жыйынга келбегендиктен кийинкиге жылдырылды. «Глобус Кей Джи Плюс» ЖЧКсынын Россияга багыты боюнча уруксатты жокко чыгаруу маселеси да кийинкиге калтырылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөгө иштөөгө бара жаткан жарандарды расмий каттоодон өткөн жана тиешелүү уруксаты бар агенттиктерге гана кайрылууга чакырды. Ошондой эле жумуш берүүчү сунуштаган шарттарды алдын ала кылдат текшерүү зарылдыгын эскертти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар