Башкы беткеКоомКыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти чыңдоо маселелери талкууланды.

Тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка жана экстремизмге каршы күрөштө биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле ыкчам маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү жана заманбап технологияларды ички иштер органдарынын ишине киргизүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн аймагында жүргөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана миграциялык маселелер боюнча ыкчам байланышты күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер органдарынын ортосундагы түз жана ыкчам кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар