Кыргызстандын мектеп окуучулары 38-Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI 2026) 4 медалга ээ болуп, командалык эсепте 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду камсыз кылышты.
Олимпиада 9–16-август күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү. Быйылкы эл аралык таймашка дүйнөнүн 97 өлкөсүнөн 379 окуучу катышты. Кыргызстандын командасынын курамында 4 окуучу болуп, алардын ар бири медаль, тагыраагы 2 күмүш жана 2 коло медаль жеңишти:
Рамазан Мананов, «Ambassador International School» — күмүш медаль;
Алихан Айдарбеков, «Ambassador International School» — күмүш медаль;
Абдуллахан Абдирасулов, «Ambassador International School» — коло медаль;
Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектеби — коло медаль.
«Ambassador International School» окуучуларын Кылычбек Урайымов жана Айдар Мундузбаев, ал эми Ян Бобрусту Вячеслав Муравьев, Анатолий Игнатьев жана Медербек Осмонов даярдашкан.
Кыргызстандын командасы командалык эсепте 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, бул өлкөнүн IOI олимпиадасына катышкан тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынтык болуп калды.



