Кыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
20-августта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана эл аралык кызматташтыкка адистешкен USHAŞ уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар дары-дармек менен камсыздоо, фармацевтика тармагын өнүктүрүү, саламаттык сактоону санариптештирүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана медициналык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
USHAŞ Директорлор кеңешинин мүчөсү Хасан Чагыл Түркия Кыргызстанга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана эксперттик-консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.




