Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бишкекке мамлекеттик сапары менен келет.
Сапардын алкагында Кытай лидери Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегилык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.



