Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-августта, Бишкекте Кыргызстанда аккредитацияланган Монголиянын жана Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына ишеним грамоталарын Монголиянын элчиси Тэгшжаргал Дэмчиг жана Казакстандын элчиси Абылкаир Скаков тапшырды.

Салтанаттуу аземден кийин президент элчилер менен өз-өзүнчө жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Монголиянын элчиси менен жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, транспорттук кызматташтыкты чыңдоого жана маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүүгө көңүл бурулду.

Ал эми Казакстандын элчиси менен сүйлөшүүдө кыргыз-казак стратегиялык мамилелерин мындан ары бекемдөө, соода-экономикалык жана отун-энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, чек ара инфраструктурасын жакшыртуу маселелери каралды.

Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухту жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди ШКУ жана «ШКУ+» саммиттерине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанда күтүп жатканын белгиледи.

Президент элчилерге дипломатиялык ишмердигинде ийгилик каалап, Кыргызстан менен Монголиянын жана Казакстандын ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелер мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар