Башкы беткеПрезидент"Түндүк" ААК жоюлуп, анын милдеттери "Кызматка" өтөт

“Түндүк” ААК жоюлуп, анын милдеттери “Кызматка” өтөт

Садыр Жапаров “Түндүк” ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, компанияны жоюу жана анын функцияларын президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүү сунушталды.

Жарлыкка ылайык, “Түндүк” ААКтын функциялары жана милдеттери менен катар анын финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары, ошондой эле материалдык эмес активдери белгиленген тартипте “Кызмат” мекемесине өткөрүлөт.

Ошондой эле кайталанган функцияларды жоюу үчүн уюмдун ишине функционалдык талдоо жүргүзүлүп, түзүмү оптималдаштырылат. “Түндүк” ААКтын кызматкерлеринин ичинен “Кызмат” мекемесине ишке орноштурула тургандардын саны аныкталат.

Жарлыкта бул чечим мамлекеттик санариптештирүү чөйрөсүндөгү иштерди бирдиктүү координациялоо жана кайталанган функцияларды жоюу максатында кабыл алынганы белгиленген.

Президенттин администрациясынын түшүндүрмөсүнө ылайык, учурда маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, модернизациялоо жана техникалык жактан коштоо боюнча айрым милдеттерди “Түндүк” ААК менен “Кызмат” ММ параллелдүү аткарып келет. Бул ресурстардын чачыранды пайдаланылышына жана айрым процесстердин кайталанышына алып келген.

Ошол эле учурда “Түндүк” платформасы жана мобилдик тиркемеси ишин улантат. Жарандар үчүн санариптик кызматтарды көрсөтүүдө өзгөрүү болбойт.

Жарлык ошондой эле 2025-жылдын 17-мартындагы мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча жарлыкка өзгөртүү киргизүүнү карайт. Анын негизинде “Түндүк” ААК жалгыз жеткирүүчү катары көрсөтүлгөн тизмеден чыгарылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар