Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Непалда орун алган жаратылыш кырсыгына — селдин кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасынын Президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтты.
Өлкө башчысынын телеграммасында мындай деп айтылат:
«Непалдын чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм».



