АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Куттуктоо кайрылуусунда Дональд Трамп Кыргызстан эгемендик алган 35 жыл ичинде көз карандысыз мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун аныктаганын белгиледи.
“Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын өнөктөшү жана досу болуп келатканына сыймыктанат. Өлкөлөрүбүз өз ара урматтоого, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылууга болгон жалпы умтулууга негизделген бекем мамилелерди түздү”, — деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле АКШ президенти “С5+1” форматынын алкагындагы кызматташтык, ошондой эле соода, инвестиция жана коопсуздук тармактарындагы байланыштар өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарып жатканын белгиледи.
Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын суверенитетин жана эгемендүүлүгүн мындан ары да бекем колдой турганын билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк жана кыргыз-америкалык элдердин достугу мындан ары да өнүгө берерине ишеним артты.
“Ушул майрамга карата эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз”, — деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.



