Башкы беткеПрезидентДүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жана кыргыз элинин дарегине дүйнө лидерлеринен куттуктоолор келип түшүүдө.

Мамлекет башчысын жана Кыргызстан элин коңшу өлкөлөрдүн лидерлери — Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон куттукташты.

Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон куттуктоо каттарын жөнөтүштү.

Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Мисирдин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана Мальтанын президенти Мириам Спитери Дебоно да куттуктады.

Мындан тышкары Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен, Түштүк Африка Республикасынын президенти Матамела Сирил Рамафоса жана Тогонун өкмөт башчысы Фор Эссозимна Гнассингбе куттуктоо жолдошту.

Ошондой эле Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдульазиз Аль Сауд, Марокконун падышасы Мухаммед VI, Бахрейндин королу Хамад бин Иса бин Салман Аль Халифа, Бельгиянын королу Филипп, Испаниянын королу Филипп VI жана Нидерланддардын королу Виллем-Александр кыргыз элине Эгемендүүлүк майрамына карата каалоо-тилектерин билдиришти.

Дүйнө лидерлери өз куттуктоолорунда Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми президент Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар