Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушту

Садыр Жапаров АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, АКШнын Индиядагы элчиси Серджио Горду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) форматынын алкагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, 2027-жылы бул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Садыр Жапаров Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышына байланыштуу куттуктоосу үчүн Серджио Горго ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө «В5+1» платформасынын мааниси белгиленди.

Жолугушууда АКШга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн визалык жол-жоболорду жеңилдетүү маселеси да көтөрүлдү. Президент, атап айтканда, визалык депозитти (visa bond) төлөө талабы жана ага байланыштуу чектөөлөрдү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Серджио Гор президенттин сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин мындан ары чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трампка салам жолдоп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан америкалык спортчуларга ийгилик каалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар