Башкы беткеПрезидентКытай төрагасынын жубайы Пэн Лиюань кыргыз маданияты менен таанышты

Кытай төрагасынын жубайы Пэн Лиюань кыргыз маданияты менен таанышты

Кыргызстан менен Кытайдын биринчи айымдары Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине барып, кыргыз элинин улуттук каада-салтын жана маданий мурасын чагылдырган көргөзмөлөр менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго кыргызстандык жана кытайлык дизайнерлердин улуттук элементтерди камтыган коллекциялары тартууланды.

Ошондой эле биринчи айымдарга кыргыз аялзатынын салттуу баш кийиминин тарыхына жана маанисине арналган «Элечек — кыргыз аялзатынын баа жеткис мурасы» аттуу маданий программа көрсөтүлдү.

Иш-чара эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого жана кыргыз элинин бай тарыхый-маданий мурасын таанытууга багытталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар