Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана «ШКУ+» форматындагы жолугушууга катышуу үчүн келген Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары бул сүйлөшүү кыргыз-лаос мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Садыр Жапаров бул жолугушуу тарыхый мааниге ээ экенине токтолуп, Кыргызстан менен Лаостун ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки эки өлкө башчыларынын алгачкы жолугушуусу болуп жатканын айтты.
Мамлекет башчысы Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен алакаларды чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстан Лаос менен эки тараптуу форматта гана эмес, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар ар кандай деңгээлдеги байланыштарды үзгүлтүксүз улантууга жана кыргыз-лаос кызматташтыгынын бекем пайдубалын түптөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.



