Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Садыр Жапаров Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана «ШКУ+» форматындагы жолугушууга катышуу үчүн келген Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, анын апрель айында Бишкекке жасаган расмий сапары саясий диалогду өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого чоң түрткү болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан Того Республикасын Африка континентиндеги келечектүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын билдирди.

Жолугушууда эл аралык аренадагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Президент Тогонун жетекчилигине жана элине Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Фор Эссозимна Гнассингбе чакыруу жана жылуу кабыл алуу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Того Кыргызстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин айтты.

Ал ошондой эле БУУда жана башка эл аралык аянтчаларда эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле аймактык жана глобалдык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган демилгелерди колдоону уланта турганын билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар