Башкы беткеКоомМамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 50%га жогорулады

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 50%га жогорулады

1-сентябрдан тартып айыл өкмөттөрдүн, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана райондук мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, коэффициенти төмөн кызматкерлер үчүн мындан тышкары ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм каралган.

Өмүрзаков белгилегендей, буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, анын ичинде айыл өкмөттөрү менен облустук маанидеги шаарлардын мэрияларында иштегендер эмгек акысына кызматтын татаалдыгына жараша 10 пайызга чейин гана үстөк акы алып келишкен.

“Учурда алардын айлык акысы борбордук аппараттардагы кызматкерлер сыяктуу эле 50 пайызга көтөрүлдү. Коэффициенти төмөн болгон кызматкерлерге президенттик компенсациялык төлөм катары 15 миң сомдон кошумча каралды”, — деди ал.

Ошол эле учурда 15 миң сомдук компенсациялык төлөм эмгек өргүүсүнө чыккан учурда жана пенсияны эсептөөдө эске алынбайт.

Компенсациялык төлөмдөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып төлөнө баштады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар