Башкы беткеКоомАлгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы өттү.

Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү жана адистер катышты.

Презентация учурунда роботтоштурулган системанын иштөө принциби жана хирург үчүн мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Министр Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, жабдууну башкарууну өзү сынап көрдү.

Министрдин айтымында, «робот-хирург» деп аталганы менен операция учурундагы бардык аракеттерди дарыгер өзү аткарып, системаны толук көзөмөлдөйт.

Жаңы технология хирургиялык инструменттерди жогорку тактыкта башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жасоого жана операциялык аймактын чоңойтулган сүрөтүн алууга шарт түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар