Нарын облустук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Нарын шаарындагы муниципалдык мейманкананын имараты мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталды.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы шаар башкармалыгынын кызмат адамдары ошол кездеги жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, мурдагы мамлекеттик резиденциянын имаратын ага тиешелүү 23 500 чарчы метр жер тилкеси менен жеке менчикке беришкен.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 96 млн 587 миң 170 сом деп бааланган мейманкана имараты жер тилкеси менен мамлекеттин балансына кайтарылды.



