Кыргызстан менен Кытайдын туристтик Санья шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Каттамды ушул кышта ишке киргизүү пландалууда.
Хайкоу шаарында өткөн жумушчу жолугушууда «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев жана Хайнань провинциясынын өкүлдөрү Санья — Бишкек — Санья түз рейсин уюштуруу маселесин талкуулашты.
«Кыргызстан аэропорттору» маалымдагандай, сүйлөшүүлөр Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп саналат. Анда Кыргызстан менен Кытайдын транспорт жана туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралган.
Санья Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан жана Кытайдагы популярдуу туристтик борборлордун бири. Түз каттам эки өлкөнүн ортосундагы туристтик байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.




