Башкы беткеКоомОлимпиада чемпиондоруна өмүр бою ай сайын 30 миң сомдон стипендия берилет

Олимпиада чемпиондоруна өмүр бою ай сайын 30 миң сомдон стипендия берилет

Кыргызстандык спортчулар эл аралык ири мелдештерде жетишкен ийгиликтери үчүн эми өмүр бою ай сайын акчалай колдоо алышат. Мындай чечимди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алып, тиешелүү токтомго кол койду.

Жаңы тартип 2027-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт.

Ага ылайык, Олимпиада, Паралимпиада жана Сурдлимпиада оюндарында алтын медаль уткан спортчуларга ай сайын 30 миң сомдон төлөнөт. Күмүш байге ээлери 25 миң сом, коло медаль алгандар 20 миң сом алышат.

Ошондой эле олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон атлеттерге ай сайын 20 миң сомдон стипендия берилет.

Бул төлөмдөр спортчулардын мурда белгиленген мөөнөттүү стипендиясы аяктагандан кийин башталат.

Эгер спортчунун бир нече наамы болсо, ага эң жогорку өлчөмдөгү стипендия каралган бир гана жетишкендиги үчүн төлөм чегерилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар