Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова баштаган делегация Беларусь жана Кыргызстандын аймактарынын биринчи форумуна катышуу үчүн Беларустун Гомель шаарына барды.
Ош мэриясынын маалыматына караганда, 9–10-ноябрда Минск шаарында өтүп жаткан форумдун алкагында кыргыз делегациясы Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко менен жолугушту.
Сүйлөшүүдө эки шаардын ортосундагы экономикалык жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Масуда Айдарбекова Гомелдин өнөр жай тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, түз ишкердик алакаларды түзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация Гомелдеги саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин иши менен таанышты. Ошондой эле «Спартак» кондитердик фабрикасына барып, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыгышты.
Форум эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

