Башкы беткеКоомБишкекте курулуштун коопсуздугу жана сейсмикалык туруктуулугу талкууланды

Бишкекте курулуштун коопсуздугу жана сейсмикалык туруктуулугу талкууланды

Бишкек шаарында курулуштагы коопсуздук, сейсмикалык туруктуулук жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерине арналган эл аралык форум өттү. Иш-чара “Борбордук Азия – Кытай” курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында уюштурулду.

Форумга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдарынын, илимий мекемелеринин жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда сейсмотуруктуу курулуш, энергияны үнөмдөөчү технологиялар, шаар куруу, тармакты санариптештирүү жана заманбап инженердик чечимдерди колдонуу маселелери талкууланды. Катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүштү.

Талкуунун негизги темаларынын бири жер титирөө коркунучу жогору аймактарда курулуштун коопсуздугун камсыздоо болду. Ошондой эле сейсмикалык тобокелдиктерди азайтуу, имараттардын туруктуулугун жогорулатуу, сапаттуу жана жеткиликтүү турак жайларды куруу маселелерине көңүл бурулду.

Форумдун алкагында Казакстандын «КазНИИСА» акционердик коому менен Кыргызстандын Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун мөөнөтү узартылды.

Мындан тышкары, курулуш тармагына инвестиция тартуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында B2B/B2G форматындагы жолугушуулар өткөрүлдү. Ага мамлекеттик органдардын, курулуш компанияларынын жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана тармакты өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын курулуш тармагындагы илимий-техникалык кызматташтыгын чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар