Башкы беткеКоомКыргыз тили жана география мугалимдерине 6000 ноутбук тапшырылды

Кыргыз тили жана география мугалимдерине 6000 ноутбук тапшырылды

Өлкө мектептериндеги кыргыз тили жана география мугалимдерине “Алтын Казык” брендиндеги 6000 ата мекендик ноутбук тапшырылды. Техникалар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет.

Иш-чарага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев катышып, бул этапта география мугалимдери ноутбук менен толук камсыздаларын билдирди. Анын айтымында, буга чейин 47 миңден ашык мугалимге ноутбук берилген. Жыл аягына чейин дагы 17 миңге жакын ноутбук тапшыруу пландалууда.

Ноутбуктар Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкы, Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүк жана Өнүктүрүү максатындагы ислам тилектештик фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Smart-Ed долбоорунун алкагында берилди.

Долбоор 7–9-класстар үчүн кыргыз тили жана география предметтери боюнча жаңыланган окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгууну жана киргизүүнү камтыйт. Ноутбуктар мугалимдерге санариптик ресурстарды колдонууга жана сабактарга даярданууга жардам берет.

Техникалар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинде чогултулган. Аларга лицензияланган программалар, коопсуздук каражаттары жана методикалык колдонмолор орнотулган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар