Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты.
Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, анда 2021–2026-жылдар аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жайдын жана инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле аймактарды мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берилди.

