USDKG Гонконгдогу алдыңкы жөнгө салынган санариптик активдер платформаларынын бири болгон OSLнда расмий листингден өттү. Бул тууралуу Эмитент Виртуалдык Активдер ачык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, USDKG АКШ долларына 1:1 катышында байланган жана толугу менен физикалык алтын менен камсыздалган санариптик актив болуп саналат.
Платформада соода OTC (биржадан тышкаркы) форматында USDKG/USDT жуптугу аркылуу башталды. OSL платформасы Гонконгдун Баалуу кагаздар жана фьючерстер боюнча комиссиясынын лицензиясынын негизинде иш алып барат.
«Эмитент Виртуалдык Активдер» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Бийболот Мамытов бул өнөктөштүк USDKGди катуу жөнгө салынган эл аралык рынокко чыгарганын белгиледи. Анын айтымында, долбоордун негизги артыкчылыктарынын бири — ачык-айкындуулук жана алтын менен камсыздалган модель.
Стейблкоиндин эмитенти 100 пайыз мамлекеттик катышуусу бар компания болуп эсептелет. Ошол эле учурда операциялык башкаруу жана алтын резервдерин көзөмөлдөө келишимдин негизинде жергиликтүү жеке компанияга өткөрүлгөн.



