
Бүгүн, 27-майда, Бишкек шаарында Кыргыз-Кытай медиафоруму өтүүдө. Иш-чарага эки өлкөнүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, медиа тармагындагы адистер жана кызматташ уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун негизги максаты — Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты бекемдөө, медиа жаатындагы тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу байланышты өнүктүрүү.
Иш-чараны “Жэньминь жибао” гезити жана “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү уюштурууда. Форумдун алкагында заманбап медиа, санариптик коммуникация жана маалыматтык өнөктөштүк боюнча талкуулар өтөрү күтүлүүдө.





