Малайзияда 1-июндан тартып 16 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарда аккаунт ачышына расмий түрдө тыюу салынды. Жаңы талаптар Facebook, Instagram, TikTok жана YouTube сыяктуу ири платформаларга тиешелүү.
Жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык, социалдык тармактар жаңы колдонуучулардын жашын мамлекеттик маалымат базалары аркылуу текшерүүгө милдеттүү. Талаптарды аткарбаган компанияларга 10 миллион ринггитке чейин (болжол менен 2,5 миллион доллар) айып пул салынышы мүмкүн.
Өлкө бийлиги бул чаралар балдарды интернеттеги зыяндуу маалыматтардан коргоо максатында кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле жаңы эрежелер платформалардын, ата-энелердин жана камкорчулардын балдардын онлайн коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
Мыйзамга ылайык, социалдык тармактар буга чейин катталган колдонуучулардын жашын дагы алты айдын ичинде текшерип чыгышы керек. Акыркы жылдары Малайзия интернеттеги кооптуу жана чагымчыл контенттин көбөйүшүнө байланыштуу санариптик платформаларды жөнгө салууну күчөтүп келет. Чектөөлөр улуттар аралык же диний кастыкты козуткан, ошондой эле өлкөнүн монархиясын сынга алган материалдарга да тиешелүү.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын декабрында Австралия дүйнөдө биринчи болуп 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салган. Ушундай эле чараларды Греция жана Түркия да карап жатат.



