Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын XIX форумунун алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) эл аралык сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү.
Иш-чара маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп калды. Форумдун жүрүшүндө гуманитардык чөйрөдөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн «Шериктештик Жылдыздары» эл аралык сыйлыгынын лауреаттары сыйланышты. «Маданият жана искусствого кошкон өзгөчө салымы үчүн» номинациясында Азербайжандын эл артисти Октай Мир-Касымов, Армениянын эмгек сиңирген искусство ишмери Эдуард Топчян жана Өзбекстандын эл артисти Камолиддин Уринбаев сыйлыкка татыктуу болушту.
Ал эми «Илим жана билим берүү тармагындагы өзгөчө салымы жана жетишкендиктери үчүн» номинациясында Беларусь Республикасынын академиги Александр Михалевич, казакстандык окумуштуу Фарух Машуров, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кыргызбай Осмонов, Россия Илимдер академиясынын академиги Григорий Трубников жана Тажикстандын профессору Акобир Каримзода сыйланышты.
Мындан тышкары, жаш таланттарды жана келечектүү адистерди колдоого багытталган «Дебюттар Шериктештиги» эл аралык сыйлыгынын лауреаттары да аныкталды. Сыйлыкка Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген жаш өкүлдөр ээ болушту. Кыргызстандан бул сыйлык Уланмырза Карыпбаевге тапшырылды.
Белгилей кетсек, «Шериктештик Жылдыздары» сыйлыгы КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерди таанытууга багытталган. Ал эми «Дебюттар Шериктештиги» сыйлыгы илим, маданият, билим берүү жана коомдук ишмердүүлүк тармагындагы жаш адистерди колдоону максат кылат.



