Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын мыйзамдарындагы чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү медициналык кароодон өтүүсүнө байланыштуу өзгөртүүлөр тууралуу эскертти. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Орусияда 90 күндөн ашык болууну пландаган чет өлкөлүк жарандар өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү.
Жаңы талаптарда милдеттүү медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан же андан качкан жарандарга 25 миңден 50 миң рублга чейин айып пул салынып, өлкөдөн чыгарылып жиберилиши мүмкүн. Эгерде айып пул өз убагында төлөнбөсө, анын өлчөмү эки эсеге көбөйүп, административдик өлкөдөн чыгаруу милдеттүү түрдө колдонулат.
Мындан тышкары, медициналык текшерүүдөн өтүү тартибин бузуу, ошондой эле кооптуу оорулардын жоктугун тастыктаган жасалма медициналык документтерди даярдоо же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Министрлик Орусияда узак мөөнөткө жүрүүнү көздөгөн кыргызстандыктарды жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, мыйзамдарды так сактоого чакырды. Бул айып пулдардан жана башка укуктук кесепеттерден сактанууга жардам берет.



