ИИМ кызматкерлери 7 миллион 800 миң сомдук алдамчылык фактысына байланыштуу эки шектүүнү кармашты.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу жаранды тыюу салынган уюмдарды каржылоого шектелип жатканын айтып, психологиялык басым көрсөтүү менен ири суммадагы акчасын алып кетишкен.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө SIM-карталарды активдештирип, аккаунттарды сатуу менен алектенген 1999-жылы туулган жаран жана жабырлануучунун акчасы түшкөн банктык эсептин ээси болгон 2007-жылы туулган жаран кармалган.
Соттун чечими менен экөө тең эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.
Тинтүү учурунда 155 SIM-карта, 7 уюлдук телефон, 2 ноутбук жана башка буюмдар алынган.
ИИМ жарандарды банктык карталарын, эсептерин, SIM-карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө, ошондой эле белгисиз адамдардан келген чалууларга жана билдирүүлөргө этият мамиле кылууга чакырат.




