Башкы беткеКоомСуткасына 180 миң жумуртка өндүрө турган тоок фабрикасы ачылды

Суткасына 180 миң жумуртка өндүрө турган тоок фабрикасы ачылды

Кыргызстанда тоок жумурткасын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган жаңы «Кировец» канаттуулар фабрикасы ишке берилди. Бул тууралуу тармактык мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы өндүрүштүк комплекс төрт өндүрүш цехинен турат жана 200 миң баш канаттууну багууга ылайыкталган. Фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 180 миң даанага чейин жумуртка чыгарууга мүмкүндүк берет.

Долбоорду «Три Т» асыл тукум канаттуулар заводу» ЖЧКсы ишке ашырган. Ишкананын маалыматына ылайык, «Кировец» фабрикасы компаниянын башка өндүрүш аянтчалары менен бирге өлкөнүн ички жумуртка рыногунун 16,5 пайызын камсыздап келет.

Компания өкүлдөрү бүгүнкү күндө жумуртканын импорту дээрлик толугу менен токтотулганын белгилеп, бул Кыргызстан аталган продукция боюнча өзүн толук камсыздай алганын көрсөтөрүн билдиришти.

Адистердин айтымында, жаңы фабриканын ишке кириши ата мекендик өндүрүштү кеңейтүүгө, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар