Кыргызстанда айыл чарба жаныбарларын убактылуу кармоо үчүн заманбап карантиндик зона ачуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
18-июнда министрликте Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушуу өтүп, анда аталган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Тараптар объекттин курулушу жана техникалык жабдылышы боюнча аткарылып жаткан иштерди карап чыгышты.
Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда түзүлгөн гранттык макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун негизинде малды убактылуу кармоого арналган заманбап индустриалдык-логистикалык борбор — «Карантиндик зона» түзүлөт. Ал ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө, биологиялык коопсуздукту камсыздоого жана мал чарбачылыгы тармагындагы тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Кыргыз тарап Сауд өнүктүрүү фондуна көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоор өлкөнүн мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө, эпизоотиялык коркунучтарды төмөндөтүүдө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.




