Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы айрым өткөрүү пункттары Кытай Эл Республикасында белгиленүүчү «Дуаньу» (Ажыдаар кайыктарынын майрамы) майрамына байланыштуу убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен чек ара аркылуу жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
Тактап айтканда, «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункту 18-июнда саат 22:00дөн тарта жабылып, кайрадан 20-июнь күнү саат 08:00дө ишин жандантат.
Ал эми «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту 19-июнь күнү толугу менен жабык болуп, өткөрүү иштери 20-июнда саат 08:00дөн тарта калыбына келтирилет.
Чек ара кызматы бул күндөрү чек арадан өтүүнү пландаган жарандарды жана жүк ташуучуларды убактылуу чектөөлөрдү алдын ала эске алууга чакырды.



