Башкы беткеКоомБишкекте Португалия – Өзбекстан беттешин көрүү үчүн фан-зона уюштурулат

Бишкекте Португалия – Өзбекстан беттешин көрүү үчүн фан-зона уюштурулат

23-июнда Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык баскычынын экинчи турундагы Португалия –Өзбекстан беттешин түз эфирде көрүү үчүн атайын фан-зона уюштурулат.Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору чоң экран аркылуу оюнду чогуу көрүп, футбол майрамынын өзгөчө атмосферасында командаларды колдой алышат.

Иш-чаранын алкагында саат 21:20да ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда көңүл ачуучу программа башталат. Ал эми саат 22:00дөн 23:00гө чейин оюн алдындагы түз эфир жана комментаторлордун талдоосу сунушталат. Беттештин расмий башталышы саат 23:00гө белгиленген.

Уюштуруучулар бардык каалоочуларды иш-чарага катышып,чоң футболдун атмосферасын бирге сезүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, иш-чарага байланыштуу борбор калаанын айрым көчөлөрүндө автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет. Тактап айтканда,Орозбеков – Абдымомунов, Орозбеков – Фрунзе, Раззаков – Фрунзе, Абдымомунов –Эркиндик бульвары кесилиштеринде, ошондой эле Абдымомунов көчөсүнөн Улуттук тарых музейине чейинки Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн бөлүгүндө кыймылга убактылуу чектөө киргизилет.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдынала пландап, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар