Башкы беткеКоомИшкавандагы мектептин курулушу талаптарга ылайык жүрүүдө

Ишкавандагы мектептин курулушу талаптарга ылайык жүрүүдө

Ош шаарынын Ишкаван айылындагы жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда имараттын экинчи кабатынын плиталарын орнотулуп, дубалдарын тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Башкы планга ылайык, имаратынын жалпы аянты 5 613 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттан турат. Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да бардык шарттар каралат.
Анда 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, лабораториялар, санитардык талаптарга жооп берген ашкана, китепкана, 300 көрүүчүгө ылайыкталган амфитеатр тибиндеги актовый зал, лифт жана 120 көрүүчүгө ылайыкталган бардык шарты бар спорт залы жайгашат.
Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы көзөмөлдөнүп, тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлүүдө.
Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1,5 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар