Башкы беткеКоомБашкы прокуратура кызматкерлери коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда

Башкы прокуратура кызматкерлери коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда

Кечээ, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 мекемесинде коррупциянын алдын алуу жана укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чара Жазык-аткаруу тутумун көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын жана Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда өттү.

Жолугушууда мекеменин кызматкерлерине коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, кызматтык милдеттерди мыйзам чегинде аткаруу, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн каралган жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, №14 мекемесинде тарбияланып жаткан жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн атайын интерактивдүү сабактар уюштурулуп, коррупциянын коомго тийгизген терс таасири, мыйзамдуулукту сактоонун мааниси жана укуктук маданиятты калыптандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтому менен бекитилген 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар мамлекеттик кызматкерлердин укуктук билимин жогорулатууга, жаштар арасында коррупцияга каршы аң-сезимди калыптандырууга жана өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар