2026-жылдын 1-июлунда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында жаңы тартылган «Дарыгер» сериалынын салтанаттуу бет ачар аземи өтөт.
Бет ачардын жүрүшүндө көрүүчүлөр сериалдын алгачкы сериясын көрүп, чыгармачыл топ менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышат.
Сериалдын режиссёру — Ырыс Окенова, коюучу оператору — Кулчоро Нурсеитов. Продюсерлери — Жылдыз Равшанова, Доолот Сыдыков жана “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн кызмткери Барно Усманова.
Долбоордун сценарийин Темирлан Жумабеков менен Гүлзат Алиева жазган.
«Алар өмүрдү сактайт — эми экранда!» деген ураан алдында тартылган сериал медицина кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү эмгегин, кесиптик жана адамдык баалуулуктарын көркөм чагылдырууну максат кылат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, кино сүйүүчүлөрдү жана жалпы коомчулукту жаңы сериалдын бет ачарына катышууга чакырат.



