Башкы беткеМаданият«Дарыгер» сериалынын бет ачары 1-июлда өтөт

«Дарыгер» сериалынын бет ачары 1-июлда өтөт

2026-жылдын 1-июлунда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында жаңы тартылган «Дарыгер» сериалынын салтанаттуу бет ачар аземи өтөт.

Бет ачардын жүрүшүндө көрүүчүлөр сериалдын алгачкы сериясын көрүп, чыгармачыл топ менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышат.

Сериалдын режиссёру — Ырыс Окенова, коюучу оператору — Кулчоро Нурсеитов. Продюсерлери — Жылдыз Равшанова, Доолот Сыдыков жана “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн кызмткери Барно Усманова.

Долбоордун сценарийин Темирлан Жумабеков менен Гүлзат Алиева жазган.

«Алар өмүрдү сактайт — эми экранда!» деген ураан алдында тартылган сериал медицина кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү эмгегин, кесиптик жана адамдык баалуулуктарын көркөм чагылдырууну максат кылат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, кино сүйүүчүлөрдү жана жалпы коомчулукту жаңы сериалдын бет ачарына катышууга чакырат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар