Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө жаш шахматчылардын эл аралык чемпионаты башталды

Ысык-Көлдө жаш шахматчылардын эл аралык чемпионаты башталды

Бүгүн, 1-июлда Ысык-Көл облусунун Корумду айылында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан алгачкы Борбордук жана Түндүк Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионатка 8жаштан 20 жашка чейинки Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия , Түркмөнстан жана Тажикстандан келген 500дөн ашуун жаш шахматчылар күч сынашууда.
Алардын катарында эл аралык мастерлер (IM), FIDEнин мастерлери (FM), кыздар арасындагы FIDE мастерлери (WFM), ошондой эле дүйнө, Азия, Батыш Азия жана Борбордук Азия чемпионаттарынын 25тен ашуун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери бар.
Мелдештер 9-июлга чейин уланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар