Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №2 ДЕПОнун аймагында муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына өтүү маселесин талкуулады.
Мэр жаңы төлөм системасы транспорттук тейлөөнүн сапатын жакшыртып, кирешелердин ачык-айкындуулугун камсыздап, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
«Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Эми биздин жалпы милдетибиз — жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү», — деди Айбек Жунушалиев.
Анын айтымында, накталай эмес төлөмдөн түшкөн каражаттар коомдук транспортту жаңылоого, айдоочулардын эмгек акысын жогорулатууга жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле айдоочулар үчүн мурдагы план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттары ачык-айкын уюштурулат.
Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө жаңы төлөм тартибин түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Жүргүнчүлөргө маалымат берүү үчүн мэриянын кызматкерлери коомдук транспорт каттамдарына чыгып, накталай эмес төлөм ыкмаларын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, 1-июлдан тартып Бишкекте жол кире толугу менен накталай эмес система аркылуу төлөнүүдө. Жүргүнчүлөр «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard, «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор жана башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.



