Башкы беткеКоомАлдамчылыкка шектелген жаран АКШдан экстрадицияланды

Алдамчылыкка шектелген жаран АКШдан экстрадицияланды

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен кызматташуунун натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны А.А. өлкөгө экстрадицияланып келинди.

Ал бир нече эпизод боюнча алдамчылык кылууга айыпталып, тергөө абагына киргизилди.

Тергөө маалыматына ылайык, А.А. жарандардын ишенимине кирип, алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпы 15 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Башкы прокуратура жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетишине жол бербөө боюнча иштерди ырааттуу улантып жатканын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар