Башкы беткеКоомЧет өлкөдө төрөлгөн балдарга "Бала ырысы" жөлөкпулун алуу тартиби түшүндүрүлдү

Чет өлкөдө төрөлгөн балдарга “Бала ырысы” жөлөкпулун алуу тартиби түшүндүрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө төрөлгөн балдарга “Бала ырысы” бир жолку жөлөкпулун тариздөө тартибин эске салды.

Министрликтин маалыматына ылайык, “Түндүк” тиркемеси аркылуу арыз берүүдө ката чыкса, баланын жеке идентификациялык номери (ПИН) ыйгарылбаган же ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылбаган болушу мүмкүн.

Мындай учурда жарандар “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы, ата-энесинин биринин паспорту жана эгер күбөлүк чет тилде берилсе, анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кайрылышы керек.

Балага ПИН ыйгарылып, ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылгандан кийин Эмгек министрлигинин адистери тиешелүү маалыматтарды системага киргизип, жөлөкпулду тариздөө улантылат.

Ошондой эле министрлик эгер балада Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок болсо, жарандыкка таандык экендиги тууралуу маалымкат алуу зарыл экенин белгиледи. Бул документ да Калкты тейлөө борборлорунда берилет жана аны даярдоо мөөнөтү 14 жумуш күнүнө чейин созулат.

Министрлик жөлөкпулду дайындоодо кечигүүлөргө жол бербөө үчүн алдын ала балага ПИН ыйгарылганын текшерүүнү сунуштайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар