Башкы беткеКоомКыргызстанда 24 түрдөгү товар үчүн утилизациялык төлөм алынат

Кыргызстанда 24 түрдөгү товар үчүн утилизациялык төлөм алынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасынын алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдеттүү экенин дагы бир жолу эскертти.

ӨКЖ – товарларды өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды алар колдонулгандан кийин кайра иштетүүгө жоопкер кылган мамлекеттик механизм болуп саналат.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтому менен ӨКЖ системасына кирген 24 товардык топ бекитилген. Алардын катарына аккумуляторлор, автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башка товарлар кирет.

Белгиленген тартипке ылайык, импорттоочулар товар өлкөгө киргизилген күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөм жүргүзүүгө милдеттүү. Ал эми ата мекендик өндүрүүчүлөр төлөмдү ар бир квартал бүткөндөн кийинки айдын 15-күнүнө чейин төлөшү керек.

ӨКЖ системасын ишке ашыруу министрликке караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн. Утилизациялык төлөмдөн түшкөн каражаттар таштандыларды кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза технологияларды жайылтууга багытталат.

Министрлик төлөмдү өз убагында жүргүзбөгөндөр мыйзамда каралган административдик жоопкерчиликке тартыла турганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар