Бишкектеги Ала-Тоо аянты футбол күйөрмандары чогула турган чоң майданга айланат. 19-июлда бул жерде 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине арналган ири фан-зона уюштурулат.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында күйөрмандар үчүн төрт саатка созулган шоу-программа даярдалат. Ал саат 21:00дө башталат.
Финалдык беттеш түнкү саат 01:00дө чоң LED-экран аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Уюштуруучулар оюн жогорку сапаттагы үн коштоосу менен берилерин белгилешти.
Мындан тышкары, фан-зонада фудкорттор, көңүл ачуу аянтчалары иштеп, келгендер арасында түрдүү белектер жана байгелер ойнотулат.
Иш-чаранын музыкалык бөлүгүндө белгилүү рэп аткаруучу Ulukmanapo башкы конок катары сахнага чыгат.



