Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропорту кадимки режимде ишин кайра жандандырды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар жаңыланган графикке ылайык аткарыла баштады.
Эске салсак, 7-июлда “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы катышкан өзгөчө кырдаал катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, учак учууга аракет кылып жаткан учурда арткы шассисинин бир таянычы сынып кеткен. Натыйжада учак сол капталына кыйшайып, учуп-конуу тилкесинен чыга албай авариялык түрдө токтогон. Окуядан жабыркагандар катталган эмес.



